Өрт жана окуучулар: Бишкектеги жеке мектепте өрт чыкты

Жазылуу
Мугалимдердин айтымында окуучулар жабыркаган эмес.

Мугалимдердин айтымында окуучулар жабыркаган эмес.

Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы көп кабаттуу имараттагы жеке мектепте өрт чыкты деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматынан.

Маалыматка ылайык, билдирүү бүгүн, 29-ноябрда саат 08:40та түшкөн.

"Аалы Токомбаев көч.46 дарегинде жайгашкан жеке мектепте өрт чыкты. Учурда өрттү үч бригада өчүрүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми аты-жөнүн толук айткысы келбеген мугалимдердин бири ал жерден окуучуларды чыгарып кеткендигин айтып, жабыркагандар жок экенин кошумчалады. 

"Эртең менен келип, күндөгүдөй эле сабактагы баштаганбыз. Анан эле өрт чыккандыгы тууралуу угуп, балдарды эшикке чыгара баштадык. Кудай жалгап балдардын баарын чыгарып кеттик. Өрт мектептин жанындагы Чиркөө жактан чыкты ", — деди күбө Елена.

Ал мектептин аты "Рефал" экендигин, тилсиз жоо ошол аймактагы чиркөөдөн чыккандыгын кошумчалады. 

Тез жардам кызматынан өрт боюнча чакыруу түшүп, дарыгерлер жөнөп кеткендигин айтышты. ӨКМ кененирээк маалымат кечирээк берилерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0