Бишкек — Ош жолунда кырсыктан буту сынып, кыпчылып калган айдоочуну куткарышты

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүЖолдогу унаалар. Архив
Жолдогу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын айынан айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Тайгактан улам, Бишкек — Ош жолунунун 160-чакырымында Lexus LX-470 менен Mercedes-Benz автоунаасы кагышып, жолтандабастын айдоочусунун буту сынып, кыпчылып калган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Кой кайтарып жүргөн чабан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кулжада 800 кою менен жоголуп кеткен чабандар табылды
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар айдоочуну кыпчылган жерден куткарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берген. 

ӨКМден жол кырсыгынан башка адамдардын жабыр тартпагандыгын билдирди.

Ушул эле күнү Бишкек — Ош жолунун 181-чакырымында Honda CRV үлгүсүндөгү унаа тайып, жол четиндеги чуңкурга түшүп кеткен. Куткаруучулар автоунааны жолдон чыгарып беришкен. Ал эми айдоочунун жанындагы апасы жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0