Бишкек — Ош унаа жолундагы 8 тоннага чукул май Абла суусуна төгүлгөн

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол жээгиндеги май ташуучу унаа. Архив
Жол жээгиндеги май ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Абла суусунан үлгү алынып, зыяндуулугун аныктоо үчүн лабораторияга жиберилди.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда май жүктөп бараткан "DAF" үлгүсүндөгү унаанын прицеби үзүлүп, анын кесепетинен болжол менен 7-8 тонна керосин жолго жана Абла суусуна төгүлгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

"Окуя болгон жерге жол тейлөө ишканасынынан бир техника бөлүнүп, жол толук тазаланган. Жергиликтүү калкка зыянын тийгизбөө үчүн Сосновка жана Талды-Булак айыл өкмөттөрүнө караштуу суу топтолгон жайлар убактылуу жабылды", — деп жазылат маалыматта. 

Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында Абла суусунан үлгү алынып, зыяндуулугун аныктоо үчүн лабораторияга жиберилди. 

Белгилей кетсек, аталган кырсыктан улам жол каттам жабылып, кийинчерээк кайра ачылган. 

Кыргызстанда жүк ташуучу ири унаалар жыл башынан тарта кандай жол кырсыктарына кабылгандыгын Sputnik Кыргызстандын төмөнкү материалынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0