Бишкекте сойкулар байырлаган жер аныкталып, администратор кармалды

© AFP / VALERY HACHEКыска юбка кийген кыз. Архив
Кыска юбка кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам маалымат алынгандан кийин кылмыш иши козголуп, мейманканалардын бирине тинтүү жасалган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Шаардык милициянын кызматкерлери жеңил ойлуу кыздар интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн жайды аныкташканын Бишкек ШИИБ билдирди.

Милиция кызматкеринин фуражкасы, архив - Sputnik Кыргызстан
"Сойкуларды калкалаган" милиционер экинчи кызматынан да четтетилди
40-45 жаштагы азиат улутундагы аялдар мейманканалардын биринде сойкукана уюштуруп, саатына миң сомдон 1,5 сомго чейин интимдик кызмат көрсөтүлүп жатканы боюнча милицияга ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бардык материалдар ШИИБге каттоого алынган. Кылмыш жаза кодексинин 261-беренеси "Сойкулук менен алектенүү үчүн сойкукана уюштуруу" боюнча кылмыш иши козголгон. Свердлов райондук сотунун уруксаты менен тинтүү иштери жүргөн.

22-ноябрда жүргүзүлгөн тинтүү учурунда саунанын 43 жаштагы администратору кармалган. Анын жанынан мурдатан белги коюлган акчалар алынган. Андан сырткары 20, 23 жана 35 жаштагы кыздар кармалган. Саунанын администратору убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0