Түркияда болгон жарылуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

© AP Photo / UncreditedЖарылуу болгон жердеги өрт өчүрүү кызматкерлери
Жарылуу болгон жердеги өрт өчүрүү кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Адана шаарынын административдик имаратынын алдында жарылуучу зат салынган автоунаа жарылган. Анын кесепетинен эки киши каза болуп, 31 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Адана шаарында болгон жарылуудан жаракат алгандар менен каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы КР элчилигине таянуу менен билдирди.

Жарылуучу зат салынган автоунаа Адана шаарынын административдик имаратынын Бишкек убактысы боюнча саат 11.05те алдында жарылган

Париж шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Европада теракт болушу мүмкүндүгүн айтты
Аймактын губернатору Махмут Демирташтын алгачкы берген маалыматы боюнча жарылуудан эки киши каза болуп, 16 киши түрдүү жаракаттарды алган. Кийин жабыр тарткандардын саны 31 кишиге чейин көбөйгөн.

Имараттын алдына автоунаасын токтоткон аял киши теракт жасоого шектелип жатат. Аял машина токтотуучу жайды таштап кеткендин кийин 15 мүнөттөн соң ал жарылган.

Буга чейин да автоунаага катылган жарылуучу зат жарылган учурлар катталган. Аны Түркиядагы күрддөрдүн жумушчу партиясы жасаганын моюндаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0