Ош: 22 жаштагы жигитти өлтүргөндөр эки айга камалды

Жазылуу
Шектүү деп кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышып, маркум Насировду пикир келишпестиктен улам өлтүрүп коюшканын билдиришкен.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ош шаарында 22 жаштагы жигитти өлтүрүп качып кеткендер Ош шаардык соту тарабынан эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев педофил менен бала өлтүргөндөрдү мөөнөтүнөн эрте бошотууга тыюу салды
Буга чейин Ош ШИИБи тарабынан 22 жаштагы жигитти өлтүрүп, сөөгүн Кең-Сай конушуна көмүп, изин жашыргандар кармалгандыгы тууралуу маалымдалган. 

4-сентябрдан 5-сентябрга караган түнү калаа четиндеги Жапалак айылынын 22 жаштагы тургуну Нурсултан Насиров 24:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгына 13-сентябрда жакындары арыз менен кайрылышкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте аталган жаранды издөөгө алган. 

Маркумдун сөөгү ушул жылдын 10-октябрында табылган.

"Сөөк табылган учурда чирий баштаган экен. Иликтөө учурунда маркумду өлтүрүүгө шектелгендер өзүнүн эле тааныштары экендиги аныкталды", — деди Сыдыков.

20-ноябрда шектүү эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"1994-жылы туулган К.Б. аттуу жаран маркумду уруп өлтүрүп алганын, андан соң 22 жаштагы эки жана 23 жаштагы жолдошу "Тико" үлгүсүндөгү унаа менен сөөктү Кең-Сай аймагына алып барып көмгөндүгүн айтып берген", —деп жазылат маалыматта.

Шектүү катары кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышып, маркум Насировду пикир келишпестиктен улам өлтүрүп коюшканын билдиришкен. Учурда кармалгандар Ош шаардык соту тарабынан эки айга камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0