"Бишкек-1" темир жол станциясында вагондордун ортосуна киши кыпчылып калды

© Sputnik / Алексей Фурман / Медиабанкка өтүүТемир жол вокзалы. Архив
Темир жол вокзалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткан киши оор абалда ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү "Бишкек-1" темир жол станциясында вагондордун ортосуна бир киши кыпчылып калганын окуяга күбө болгон жаран Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы бул маалыматты ырастап, бирок толук маалымат берген жок.

"Түндө ушундай кырсык болду. Кийинчерээк толук маалымат беребиз", — деп аталган мекемеден билдиришти. 

Жаракат алган кишини Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткиришкен. Ооруканадан маалымдашкандай, бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0