Нарында ууга чыккан чет элдиктер күрткүгө тыгылып тоодо калды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүСнежная буря в горах. Архивное фото
Снежная буря в горах. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аларды куткаруу максатында ӨКМдин куткаруучулары түнгө карабастан аймакка бет алышкан.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Нарында аңчылыкка чыгып кеткен адамдар кар күрткүсүнө тыгылып, тоодо калып кетишти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрь күнү Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүнө аң уулоо максатында өз-өзүнчө эки топ (биринчи топто үч чет өлкөлүк, 10 кыргыз жараны жана экинчи топто бир чет өлкөлүк, төрт кыргыз жаран) мергенчиликке чыгып кетишкен. 

"Чыгып кеткен жарандар 23-ноябрь күнү эки Газ-66 унаасы менен Ат-Башы — Кында — Ак-Сай унаа жолу аркылуу Ат-Башыны көздөй жол тартышкан. Алар унаа жолу жабык дегендерине карабай өтүп кетишкен. Кардын калыңдыгынан унаалары жүрө албай, биринчи топ "Босого" тилкесинде жана экинчи топ "Беш-Белчир" тилкесинде кар күрткүсүнө тыгылып калышкан", — деп жазылат маалыматта. 

Учурда аларды куткаруу максатында ӨКМдин куткаруучулары аталган жерге жөнөп кетишти. 

Белгилей кетсек, Ат-Башы — Кында унаа жолу кыш мезгилинде жол каттамы татаал жана калың жааган кардан улам жыл сайын майга чейин жабылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0