Түркия: 9,5 млн. доллар жумуштан айдалган гүленчилердин бүлөсүнө жөнөтүлгөн

© AFP / ADEK BERRYДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада Стамбулдагы аба майданга декларацияланбаган 9,5 миллион доллар алып кирип келе жаткан бир нече чет элдик жарандын кармалгандыгы кабарланган. Кыргызстан ТИМи алардын бири Кыргызстан жараны экендигин тастыктады.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Түркиядагы аба майданда кармалган 9,5 миллион доллар Фетхуллах Гүлендин уюмунун төңкөрүшкө катышкан мүчөлөрүнүн ишсиз калган үй-бүлөлөрү жана жакындарына жиберилген деп жазды Haberler басылмасы. 

Өткөн аптада эл аралык "Ата Түрк" аба майданында декларацияланбаган 9,5 миллион доллар алып кирип келе жаткан бир нече чет элдик жаран кармалгандыгы кабарланган. Кыргызстан ТИМи алардын арасындагы бир адам Кыргызстан жараны деген маалыматты тастыктап, Стамбулдагы Башкы консулдук анын ким экендигин тактап жаткандыгын кошумчалаган. 

Түркиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: 9,5 млн. доллар менен кармалган жарандардын Гүлен менен байланышы бар
Стамбулдун Финансылык кылмыштар менен күрөшүү департаментинин Коопсуздук башкармалыгынын иликтөөсүндө алып өткөн акчалардын кайда багытталганы айтылат. Тагыраагы, Фетхуллах Гүлендин уюмунун төңкөрүшкө катышкан мүчөлөрүнүн ишсиз калган үй-бүлөлөрү жана жакындарына жиберилгендигин жергиликтүү басылма жазды. Маалыматта акчанын бир бөлүгү Гүлендин тилектештеринин бизнесин жана активдерин колдоого жиберилгендиги айтылат. 

Эске салсак, 2016-жылдын 16-июлуна караган түнү Түркияда козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги кагылышуу Анкара менен Стамбул шаарларында өткөн. Акыркы маалыматтар боюнча андан 200дөн ашуун киши өлүп, эки миңге жакыны жарадар болгон.

Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетинин жоопкерчилигин АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленге жүктөп, анын экстрадициясын талап кылган. Гүлен төңкөрүш аракетин кескин сындап, ага тиешеси жок экенин айтып келет. Мунун артынан Түркияда бир топ аскер адамдары, мугалимдер жана мамлекеттик кызматкерлер ишинен айдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0