Бишкек ШИИБ: өспүрүм кыйноого алынган эмес, өзү аңга кулап кеткен

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Деятельность сотрудников МВД в Кыргызстане
Деятельность сотрудников МВД в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын өкүлдөрү кармалгандар мыйзам чегинде жактоочунун катышуусунда суракка алынганын белгилешти.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Уурулукка шектелген өспүрүм кармоо учурунда аңга кулап кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

7-ноябрда Горький жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде жашы жете элек чет элдик жаранды тоноп кетишкен. Маалыматта айтылгандай, Түштүк Кореядан келген өспүрүмдүн Samsung S7 үлгүсүндөгү телефонун бир нече өспүрүм келип тартып алган.

"Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында төрт жашы жете элек шаар тургундары кармалган. Алардын бирөө качып кетүүгө аракет кылып жатып жеке үйдүн короосундагы аңга кулаган. Текшерүү учурунда анын колунан Түштүк Кореядан келген жигиттин Samsung S7 үлгүсүндөгү телефону табылган", — деп айтылат маалыматта. 

Милициянын өкүлдөрү кармалгандар мыйзам чегинде жактоочунун катышуусунда суракка алынганын белгилешти. 

"ЖМКларда күнөөнү моюнга алдыруу үчүн өспүрүмдөрдүн бирине кыйноо болду делген маалыматтар тарады. Шектелген адам изи сууй электе кармалган. Уурулук кылганын далилдей турчу буюмдар дагы табылды. Ошондой эле, жабыркаган адам кылмыш кылган деп дал ошол кармалган өспүрүмдү көрсөттү. Ушуга байланыштуу шектүүнүн кылмышты моюнга алган көрсөтмөсү кереги деле жок болчу", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айыпкерди сабады делген милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Ошондой эле, аңга түшүп кеткен өспүрүм кийинчерек №3 Шаардык клиникалык балдар ооруканасына кайрылганы белгиленет.

"Дарыгерлердин айтымында, 11-ноябрда төш тушу ооруп жаткандыгын айтып Д.А. атуу жаран кайрылган. Бирок тизе, шыйрактарынын сыйрылганы болбосо денеси жабыркаган эмес. Өспүрүм ооруканага жаткырылган жок. Себеби ага муктаждык жок болчу", — деди Кайгуул милициясынан.

Милициядан кабарлашкандай, Д.А. аттуу өспүрүмдүн ата-энеси кыйноо болгон деген шылтоо менен Октябрь райондук ИИБнын кызматкерлерин жаман көрсөтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0