Reuters: хакерлер Кыргызстан баштаган 10 өлкөнүн банкоматтарына кол салды

© AFP / ANDREAS SOLAROБанкоматтан акча алып жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Банкоматтан акча алып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча хакерлерден кайсы банк канча чыгымга учураганы айтыла элек.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстан баштаган КМШ жана Евробиримдиктин 10 мамлекети эл аралык кылмыштуу топтун киберчабуулуна туш болгонун Group-IB (Груп Ай-би) шылуунчулук жана киберкылмыштуулуктун алдын алуу жана иликтөө боюнча эл аралык компанияга таянуу менен Reuters агенттиги жазып чыкты.

Работа Сбербанка в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Шылуундар банкоматтан акча уурдоонун жаңы жолун табышты
Маалыматка ылайык, мындай чабуулга Кыргызстандан тышкары Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Россия, Румыня, Улуу Британия, Нидерланд жана Испаниянын банктары кабылган.

Group-IB компаниясынын билдирүүсү боюнча хакерлер Cobalt Strike деп аталган коопсуздукту тестирлөө боюнча атайын программаны пайдалануу менен алыс туруп банкоматтардан акча алып турушкан.

Аталган компаниянын иликтөө бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Волков бул жааттагы шылуунчулук дагы күчтөнөт деген пикирде. 

"Банкоматтарга жасалган чабуулдар банктар үчүн ири коркунуч болору күтүлүп жатат — мындай кадам киберкылмышкерлерге дүйнөнүн ар бурчунан банкоматтардын түйүнүнө чабуул коюуга негиз түзүп берет. Мында алар атайын кызматтардын капканынан кыйгап өтөт", — деди Волков. 

Азырынча хакерлерден кайсы банк канча чыгымга учураганы айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0