Көлдө аялды машинанын ичинен зордуктап кетишти

Жазылуу
Кармалган адам буга чейин адам уурдоо жана баңгизат катып, өткөрүп жүргөндүгү үчүн соттолуп чыккан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда аял зордуктады деп шектелген уюшкан кылмыштуулук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

20-ноябрда Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгына 26 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу арыз менен кайрылган. Жабырлануучу мурунку күнү тааныш киши унаадан күч колдонуп, аны зордуктаганын айтып даттанган. Окуя Теплоключенка айылында катталып, кыз судмедэкспертизага жөнөтүлдү.

"Экстремист" операциясынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип 36 жаштагы Ак-Суу районунун тургуну кармалган. Ал милициянын учетунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Буга чейин ал адам уурдоо жана баңгизат катып, өткөрүп жүргөндүгү үчүн соттолуп чыккан", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам учурда убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0