Ноокат: жумушчулар кудуктан чыгарган жылкыны фен менен кургатып, ээсин издеп жатат

© AP Photo / Charlie RiedelЖылкы. Архив
Жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушчулар суу түтүктөрүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатып, кудуктун ичине түшүп кеткен жылкыны байкашкан.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Ош облусундагы Ноокат районунда Борко айылында кудукка түшүп кеткен жылкыны жумушчулар аман алып калып, фен менен терисин кургатып чыкты. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Марипов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облусундагы Ноокат районунда Борко айылында кудукка түшүп кеткен жылкыны жумушчулар аман алып калып, фен менен терисин кургатып чыкты
Ош облусундагы Ноокат районунда Борко айылында кудукка түшүп кеткен жылкыны жумушчулар аман алып калып, фен менен терисин кургатып чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош облусундагы Ноокат районунда Борко айылында кудукка түшүп кеткен жылкыны жумушчулар аман алып калып, фен менен терисин кургатып чыкты
© Фото / Зульфия ТургуноваБүгүн Борко айылында жумушчулар суу түтүктөрүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатып, кудуктун ичине түшүп кеткенин жылкыны байкашкан
Бүгүн Борко айылында жумушчулар суу түтүктөрүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатып, кудуктун ичине түшүп кеткенин жылкыны байкашкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бүгүн Борко айылында жумушчулар суу түтүктөрүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатып, кудуктун ичине түшүп кеткенин жылкыны байкашкан
© Фото / Зульфия ТургуноваЭкскаватор чакыртып тереңдиги 10 метр болгон кудуктан жылкыны алып чыктык. Жумушчулар чач кургаткыч менен суу жылкынын терисин кургатты.
Экскаватор чакыртып тереңдиги 10 метр болгон кудуктан жылкыны алып чыктык. Жумушчулар чач кургаткыч менен суу жылкынын терисин кургатты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Экскаватор чакыртып тереңдиги 10 метр болгон кудуктан жылкыны алып чыктык. Жумушчулар чач кургаткыч менен суу жылкынын терисин кургатты.
1/3
Ош облусундагы Ноокат районунда Борко айылында кудукка түшүп кеткен жылкыны жумушчулар аман алып калып, фен менен терисин кургатып чыкты
2/3
Бүгүн Борко айылында жумушчулар суу түтүктөрүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатып, кудуктун ичине түшүп кеткенин жылкыны байкашкан
3/3
Экскаватор чакыртып тереңдиги 10 метр болгон кудуктан жылкыны алып чыктык. Жумушчулар чач кургаткыч менен суу жылкынын терисин кургатты.

Мариповдун айтымында, бүгүн Борко айылында жумушчулар суу түтүктөрүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатып, кудуктун ичине түшүп кеткенин жылкыны байкашкан. 

"Экскаватор чакыртып тереңдиги 10 метр болгон кудуктан жылкыны алып чыктык. Жумушчулар чач кургаткыч менен суу жылкынын терисин кургатты", — деп билдирди Марипов.

Кудуктан чыгарган жылкыны айыл өкмөт башчысы үйүнө алып кетип, учурда жумушчулар анын ээсин издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0