Кара-Кулжа: 800 кою менен жайлоодо калган чабандар изделип жатат

© Sputnik / Р. Мангасарян / Медиабанкка өтүүПейзаж Сюникского района Армении
Пейзаж Сюникского района Армении - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байланыш жок болгондуктан чабандар 17-ноябрдан бери эч кимге чала албай жатышкан.

БИШКЕК, 21-ноя.— Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар жана Терек айылынын тургундары үч чабан 800 кою менен жайлоодо калып кеткенин кабарлашкан. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. 

Билдирмеге караганда, чабандар айылдан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан "Казык" жайлоосунда. 

"Тургундар чабандар менен болгон байланыш 17-ноябрдан бери үзүлүп калганын билдиришти. 20-ноябрда издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары атайын техникалар менен жайлоого сапар алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Чабандар менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу учурда издөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0