"Ала-Тоо" аквапаркындагы өрттүн себептери белгилүү болду

© Sputnik / Михаил Дудин"Ала-Тоо" аквапаркындагы өрт
Ала-Тоо аквапаркындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан парктын 1000 чарчы метр чатыры күйгөн.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркы өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталбаганынан улам өрттөнгөнүн Өрт өчүрүү кызматы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нуржан Осмоналиев билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-ноябрь күнү саат 20.17де аталган аквапарктын күйүп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге беш өрт өчүрүүчү унаа тартылып, түнкү 12ге чукул жалын өчүрүлгөн.

"Бул алдын ала айтылган маалымат. Кырсык болгон жерге келген алгачкы өрт өчүрүүчүлөр 25 адамды эвакуациялагандан кийин өрттү өчүрүүгө киришкен", — деди Осмоналиев.

Жалпы жонунан парктын 1000 чарчы метр чатыры күйгөнү белгилүү болду.

Өрт жалмаган "Ала-Тоо" аквапаркы. Кырсык болгон жерден кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрө аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0