Бишкектеги кудуктан эркек адамдын жансыз денеси табылды

Жазылуу
Маркумдун сөөгү Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук тарассасынын кудугунда болгон.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында кудуктун ичинен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, маркумдун денеси  Биринчи май районуна караштуу Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук тарассасынын кудугунан табылган.

Куткаруучулар сөөктү чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0