Астанада ЭКСПО көргөзмөсүнө курулган имараттын бөлүгү урап түштү

© SputnikДекоративная мостовая конструкция, которая обрушилась в среду на территории выставки ЭКСПО — 2017 в Казахстане
Декоративная мостовая конструкция, которая обрушилась в среду на территории выставки ЭКСПО — 2017 в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЭКСПО — 2017 — көргөзмөсү 2017-жылы өтө турган эл аралык деңгээлдеги иш-чара болуп саналат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Шаршемби күнү Астанада ЭКСПО — 2017 көргөзмөсүнүн жанындагы кооз көпүрө түзүмү урап түштү деп билдирет Sputnik Казакстан

Ураган имарттын видеосун интернетке жумушчулар тартып салып койгон.

Sputnik Казакстан агенттигинин билдиришинче "Астана ЭКСПО — 2017" улуттук коомчулук менен иштешүү департаментинин жетекчиси Сергей Куянов имараттын кулашынын себептерин адистер тактап жатат.

"Конструкцияны BI Group курулуш компаниясы куруп жаткан. Урап түшүүдөн жабыркагандар катталган жок", — деди Куянов.

ЭКСПО — 2017 — көргөзмөсү 2017-жылы өтө турган эл аралык деңгээлдеги иш-чара болуп саналат. Көргөзмөнүн темасы "Келечектин энергиясы" деп аталып 100гө жакын өлкө жана эл аралык уюм катышып, 3 миллионго чукул көрүүчү келери күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0