ЖМК: Багдадда жанкечтилердин кол салуусунан сегиз адам каза болду

© REUTERS / Khalid al-MousilyИрактын полиция кызматкери. Архив
Ирактын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жай тургундарга алты жанкечти кол салып, сегиз адам каза болгон. Мындан сырткары, алты киши жабыркаган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Багдаддын түштүгүндө террорчулардын кол салуусунан сегиз адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берип жазган. 

Окуя Айн ат-Тамр аттуу калктуу конушта катталган. Жай тургундарга алты жанкечти кол салып, көз жумган сегиз адамдан тышкары алты киши жабыркаган.

Жанкечтилер окуядан соң өздөрүн жардырып жиберишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0