УКМКнын депутаттар жана Megacom тууралуу маалыматын прокуратура текшерет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Кыргызской Республики Индиру Джолдубаеву
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Кыргызской Республики Индиру Джолдубаеву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий траст документтеринин арасында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын үч депутатынын да аты бар. Маалыматтар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аркылуу алынган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаевага Жогорку Кеңештеги үч депутаттын оффшордук компаниялардагы акциялары боюнча траст документтерди текшерүүнү тапшырганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ата Мекен лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: бийлик мени террорчулар менен байланыштыргысы келүүдө
Буга чейин УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев атайын кызмат аркылуу Белиз мамлекетинин (Борбор Америка) расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын президентке кабарлаган. Ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ЖАКтын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн (акциялардын 50%дан ашыгы) сатуудан түшкөн 50 миллион АКШ долларынан ашык суммасын "Саутфилд" компаниясынын (божомолдор боюнча анын ээси Максим Бакиев болуп саналат) алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Жогорку Кеӊештин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөйт деп айтылат маалыматта.

Документтерде депутаттар — Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты аталган. 

Траст документтерине ылайык, эгер 2015-жылдын 1-январына чейин "Саутфилд" компаниясы "Альфа Телеком" ЖАКтын акцияларын 50 миллион доллардан ашык каражатка сата алганда Кыргызстандын үч жараны "Саутфилд" компаниясынын буга чейин сүйлөшүлгөн акциясын автоматтык түрдө алышмак.

"Демек алар "Альфа Телеком" ЖАКтын акциясын сатуудан түшкөн пайданын тийиштүү үлүшүн алат дегенди түшүндүрөт. Кийин Кыргызстандын соту аталган компаниянын 50 пайыз акциясын мамлекеттин менчигине алуу чечимин чыгаргандан кийин траст иш жүзүнө ашпай калган", — деп айтылат маалыматта.

Президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура траст документтерине байланышкан ишти ийне-жибине чейин иликтеп, анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0