Ысык-Атада 50 жаштагы аялды себепсиз сабаган келин кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү Ысык-Ата райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылынын 50 жаштагы тургуну белгисиз аял тарабынан себепсиз сабалгандыгы тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, окуяга шектүү катары 39 жаштагы аял кармалган.

"12-ноябрда 50 жаштагы аял белгисиз аял тарабынан себепсиз сабалганын айтып арыз менен кайрылган. Чүй облустук Кайгуул милициясы издөө иштерин жүргүзүп шектүү катары 39 жаштагы аялды колго түшүрдү", — деп айтылат маалыматта. 

Шектүү Ысык-Ата райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0