ӨКМ: Оштогу 5 баллдык жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында жер силкинүүнүн күчү 3-3,5 баллга жеткен.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ош облусунда катталган жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Ош облусунда эртең мененки саат 08:07 күчү 4.5,5 баллга жеткен жер силкинүү катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тактоосунда силкинүүнүн күчү Туз-Бел, Yч-Каптал аймагында 4,5-5 балл, Чайчи айылында 4 балл, Ош шаарында 3-3,5 балл болуп сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0