Ошто 200гө чукул чет элдик студент митингге чыкты

© Фото / Александр ФедоровВид на современный город Ош
Вид на современный город Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразылык акциясына чыккандар каза болгон индиялык студенттин сөөгүн мекенине жөнөтүүгө жардам берүүнү өтүнүштү.

БИШКЕК, 13 ноя — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинин имаратынын жанында Индиядан келип окуп жаткан 200гө чукул студент митингге чыкканын шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча индиялык студенттердин бири инфаркт оорусунан каза болгон. Анын мекендештери Индиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылып, бирок жардам бере албайбыз деген жооп алышкан.

Милиция башкармалыгы акция тынч мүнөздө өтүп, эч кандай тартип бузуулар болбогонун белгиледи.

Учурда митинг аяктады

Жаңылыктар түрмөгү
0