Кыргыз-казак, кыргыз-өзбек чек арасынан жасалма паспорт менен кишилер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековГПС: гражданка Узбекистана пыталась незаконно пересечь границу КР
ГПС: гражданка Узбекистана пыталась незаконно пересечь границу КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунан жасалма ID-карта көрсөтүп өтүүгө аракет кылган 41 жаштагы кыргызстандык аял кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Аскердик курал-жарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Террорчулук коркунучунан улам Кыргызстан чек арасын бекемдеп жатат
Маалыматка ылайык, окуя 11-ноябрда катталган.

Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кызыл-Кыя" көзөмөл өткөрүү жайынан Өзбекстандан Кыргызстанга өтүүдө эреже бузган 29 жаштагы аял кармалган.

Ал Өзбекстанда жоголуп кеткен паспортунун көчүрмөсүн чек арачыларга көрсөткөн.

Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0