ШИИБ: айыпталуучуну суракка алып келгенде качып кеткен

CC BY-SA 2.0 / houstondwiPhotos mp / Handcuffs and a CarЧеловек в наручниках. Архивное фото
Человек в наручниках. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21 жаштагы Рамазан Ляхунов КР Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси "Каракчылык" боюнча кармалган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Айыпталуучу Свердлов РИИБдин имаратынан качып кеткенин Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай 21 жаштагы Рамазан Ляхуновдун качып кеткени кабарланган. 

"Айыпталуучу Свердлов РИИБдин имаратынан жума күнү саат 17.00дөр чамасында качып кеткен. Ал жакка аны тергөөчүгө сурак берүү үчүн алып келишкен", — деп ШИИБден маалымдашты.

Ляхунов КР Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси "Каракчылык" боюнча кармалган.

Аны кармоо үчүн 11-ноябрдан тарта шаарда "Перехват" планы киргизилген. Бишкектен чыга бериштеги бардык жолдорго блокпосттор коюлганын шаардык милициядан билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0