Милиционер көптөн күткөн батирге ээ болуп, эртеси көз жумду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВручение президента Алмазбека Атамбаева ключей от новых квартир сотрудникам милиции
Вручение президента Алмазбека Атамбаева ключей от новых квартир сотрудникам милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Органда 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн милиционер үч бөлмөлүү батирге ээ болду. Кийинки күнү жүрөгү токтоп каза болгон.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. ИИМдин эксперт-криминалисттик бөлүмүнүн начальниги үч бөлмөлүү батирдин ачкычын алгандан кийин эртеси каза болуп калды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, батирдин ачкычын тапшыруу аземине кызматкердин жубайы катышкан. 

Өзү 31-октябрда ооруканага жатып калган. Ал эми эртеси, 1-ноябрда милиционерлер күнүндө каза болуп калды. Дарыгерлердин айтымында, инфаркттын айынан каза болгон. Катуу кубанган экен. Батирди көптөн бери күтүп жүргөн эле. Органда 20 жылдан ашык убактан бери иштеген", — деп билдиришти ИИМден. 

Каза болгон 44 жаштагы милициянын майору, ИИМдин эксперт-криминалисттик бөлүмүнүн начальниги болгон. Маркумдун артында төрт баласы калды. 

Каза тапкан милиционердин тааныштары ал эч качан ичимдикти аша чаап ичпегенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0