Тез жардам кызматынын унаасы кабылган жол кырсыгы видеого тартылып калган

Жазылуу
Жол кырсыгынын кесепетинен Тез жардам кызматынын айдоочусу жабыркаган.

БИШКЕК, 8-ноя.— Sputnik. Борбор калаада дүйшөмбү күнү кечки саат сегиздер чамасында Тез жардам кызматынын автоунаасы кабылган жол кырсыгы катталды. 

Күбөлөрдүн айтымында, Тез жардам кызматынын автоунаасы атайын сигналды күйгүзүп келе жаткан.

"Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Тез жардам кызматынын автоунаасын башка машина жол бошотпой коюп, жол кырсыгы болду", — деди күбө.

Тез жардамга Бишкектин айдоочулары жол бошотобу - Sputnik Кыргызстан
"Тез жардамга" Бишкектин айдоочулары жол бошотобу
Тез жардам кызматынан жол кырсыгы болгонун жана айдоочу жаракат алганын тастыкташты. Жол кырсыгынын жаралышына себепкер болгон башка автоунаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Буга чейин Бишкек мэриясы айдоочулардан Тез жардам кызматынын машинасына жол берүү зарылдыгын айтып, шаардык кайгуул милициясы "Маяк" рейдин өткөргөн. Анын жүрүшүндө Тез жардам кызматынын автоунаасына жол бербеген айдоочуларга айып салынган. Бирок көпчүлүк айдоочулар Тез жардам машинасын өткөрбөй турганы рейд учурунда анык болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0