Кампадан чыккан өрт: кырсыктан 500 миң литр мотор майы күйүп кеткен

© Sputnik / Актан ТемиркановПожар на западе Бишкека
Пожар на западе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын айынан Өрткө каршы агенттиктин эки кызматкери жабыркаган. Бири газдын исине ууланса, экинчиси күйүк алган.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча күйүүчү май сакталган кампада чыккан өрткө зымдардын тийишип кетиши же адам фактору себеп болгон. Бул тууралуу Өрткө каршы агенттиктин директору Нуржан Осмоналиев билдирди. 

Эскерте кетсек, ишемби күнү Бишкектин батыш тарабында Садыгалиев көчөсүнө жакын аймакта күйүүчү май сакталган кампа өрткө кабылган. Кырсык тууралуу кабар Өрт өчүрүү кызматына саат 13.03тө келип түшкөн. 

"Бизге өрт чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин маалымат келип түштү. Бул системада 30 жылдык тажрыйбасы бар адам катары өрттү алгач өздөрү өчүрүүгө аракет жасашканбы деп болжоп жатам. Өчүрүүгө мүмкүн болбой калганда гана бизге чалышкан. Өрткө каршы кызмат 100 метр алыстыкта гана жайгашкан. Телефон чалып же келип деле айтууга мүмкүнчүлүк болгон", — деп билдирди Осмоналиев. 

Бишкек шаарынын батыш тарабын кара түтүн каптады - Sputnik Кыргызстан
Калааны каптаган кара түтүн, өрттөнгөн кампа — Бишкектеги өрт
Анын айтымына караганда кампада сакталган 500 тонна мотор майлары коркунуч жараткан. Осмоналиев ошондой эле Өрткө каршы агенттиктин эки кызматкери жабыркаганын билдирди. Бири күйүк алса, экинчиси газдын исине ууланган. 

Учурда материалдык чыгымдар эсептелип жатат. 

"Чыккан өрттүн айынан "Чексиз" ишканасы жабыркады. Аймакты бир нече фирма ижарага алган. Коңшулары пластиктен жасалган айнек-эшиктерди орнотуп жаткан экен. Кампанын чыгыш тарабында дагы мотор майлары сакталган. Биздин кызматкерлер өрттү ал тарапка өткөрбөй өчүрүүгө жетишти", — деп белгиледи директор. 

Өрт өчүрүүгө жалпы 120 кызматкер тартылган

"Мен муну абдан чоң өрт деп айтпайт элем. Болгону калың түтүндөн улам ошондой сезим калтырды. 2700 чарчы метр чоң аянт эмес", — деп белгиледи Осмоналиев.

Өрткө каршы агенттиктин директору Мамэкотехинспекцияга шилтеме берүү менен кампадагы коопсуздук эрежелери былтыр текшерилгендигин кошумчалады.

Бишкектин батышында өрттөнгөн кампанын асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0