Төө-Ашуудагы кырсыктан жабыркагандардын экөөсүнө жакында операция жасалат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭкс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями
Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичиндеги жол кырсыгынан жети адам жабыркаган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлигинен Төө-Ашуудагы жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы тууралуу айтып берип, экөөсүнө операция жасала тургандыгын кабарлашты.

Эске салсак, 4-ноябрда саат 21:15 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунда Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде жүк ташуучу автоунаанын тормозу кармабай үч жеңил машинаны (BMW, Honda Stepwgn жана Subaru) сүзүп кеткен

"Жабыркаган беш кишинин бирөөсүнө операция жасалып, дагы бир жаш бала №3 клиникалык балдар ооруканасына жаткырылды. Калган үчөөнүн ден соолугу жакшы болгондуктан үйлөрүнө чыкты",— деп билдиришти.

Мындан сырткары жол кырсыгынан жабыркап, шаардык №4 ооруканага жактырылган эки адамга кийинки аптада операция жасала тургандыгын аталган оорукананын башкы дарыгери кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0