ӨКМ: өрт чыккан жерге министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов келди

© Sputnik / Актан ТемиркановПожарная служба на месте пожара на западе Бишкека
Пожарная служба на месте пожара на западе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардам кызматынын бир бригадасы окуя болгон жерди күзөтүүдө. Жабыр тарткандар боюнча маалымат түшкөн эмес.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек шаарынын Садыгалиев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги пенобетон чыгарган завод күйүп жатканын ӨКМ билдирди. Өрт тууралуу билдирүү саат 13.03тө келип түшкөн.

Кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов келген.

Тез жардам кызматынын бир бригадасы окуя болгон жерди күзөтүүдө. Жабыр тарткандар боюнча маалымат түшкөн эмес

Өрт чыккан жерде алты өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат.

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче өрт чыккан аймактагы жол кыймылын Кайгуул милициясы жөнгө салууда.

Мотор майлары сакталган кампадан чыккан кара түтүндү Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0