Токтоп турган автоунааны эвакуатор артынан сүзүп, унаанын айдоочусу каза болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ГАЗ-66 машинасынын ээсин куткаруучулар чыгарып, тез жардамга өткөрүп беришкен. Ал ооруканага келе жатканда жолдон үзүлгөн.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда Бишкек – Торугарт кан жолунун 90-чакырымында жол жээгинде токтоп турган ГАЗ-66 машинаны Mercedes үлгүсүндөгү эвакуатор артынан келип сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

ГАЗ-66 машинасынын ээсин куткаруучулар чыгарып, тез жардамга өткөрүп беришкен. Ал ооруканага келе жатканда жолдон үзүлгөн. 

Сөөк Кемин шаардык өлүкканасына жеткирилген. Учурда анын ким экени такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0