Алайда бир уулунан ажыраган эне кийинки баласынын тоюнда өзүн бычактап каза болду

Жазылуу
Аялдын туугандары милицияга арыз жазуудан баш тартышкан.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Алайда уулунун үлпөт тоюнда мас болгон аял өзүн-өзү бычактап көз жумганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, аялдын туугандары милицияга арыз жазуудан баш тартышкан.

"Алай районунун 49 жаштагы тургуну уулунун үйлөнүү тоюнда ичимдик ичкен соң өзүн бычактап салган. Каза болгон аялдын туугандарынын айтымында, ал мындан эки жыл мурда каза болгон уулунун өлүмүнөн кийин санаа тартып жүргөн", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда тергөөчүлөр аталган факты боюнча тергөө иштерин улантып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0