ӨКМ: Исфанада 11 адамды жабыркаткан май ташыган цистернанын тормозу кармабай калган

© flickr.com / Andrew JohnsonКолесо грузового автомобиля
Колесо грузового автомобиля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан 11 адам жаракат алып, үчөө ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 4-ноя.— Sputnik. "MAN" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаанын тормозу кармабай калгандыктан токтоп турган 17 машина менен 11 адамды зыянга учураткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 3-ноябрь күнү Баткен облусунун Исфана шаарынын борбордук базарынын жанында катталган. Окуядан 11 адам жабыркап, анын үчөө ооруканага жактырылган. Мындан тышкары төрт жеңил унаа жараксыз болуп калган. Мындан сырткары, кулаган унаадан 27 тонна дизелдик күйүүчү май төгүлдү.

Оодарылган цистерна учурда унаа кармоочу жайында.

Жаңылыктар түрмөгү
0