ЖМК: Антальяда сойкулукка мажбурланган кыргызстандык кыздар куткарылды

© AFP / Marcin WicharyНаручники
Наручники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк полициясы сойкулукка мажбурлоо жөнүндөгү маалыматтан кийин үстүбүздөгү жылдын март айында иликтөө иштерин баштаган.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Антальянын борбордук аймагында түрк полициясы Кыргызстан менен Өзбекстандан барган кыздарды сойкулукка мажбурлаган тогуз кишини кармоо боюнча атайын операция өткөрдү. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазып чыкты. 

Куурчак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын Мармарисинде сойкулук кылган эки кыргыз кыз кармалды
Полицияга Манавгат аймагында жайгашкан үйлөрдө жана мейманканаларда чет элдик кыздарды сойкулук менен алектендиргендер тууралуу маалымат түшкөн. Буга карата март айынан бери иликтөө иштери жүрүп келген.

Тинтүү иштери бир эле убакта бир нече жайларда жүргүзүлгөн. Кармалган тогуз кишинин экөө аял болуп чыкты. Аларга 30 кызды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган деген айып тагылып жатат.

Басылма учурда кыздар Анталья полициясынын миграциялык бөлүмүндө экенин, ал эми кармалган тогуз киши прокуратурага өткөрүлүп берилгенин жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0