"Манас" аэропортуна бомба тууралуу билдирүү түшүп, эл эвакуацияланды

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Международного аэропорта "Манас"
Деятельность Международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирүү Бишкек ШИИБдин 102 кызматына келген. Учурда окуя болгон жерде адистер иш алып барууда.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Манас" аэропортунда анда иштеген жамаат менен жүргүнчүлөр эвакуацияланды. БУл тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай кадамга учактардын бирине бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү себеп болгон.

Кабар Бишкек ШИИБдин 102 кызматына келген.

"Саат 17.00дө учуп кете турган учактардын бирине бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү. Жүргүнчүлөр менен иштегендер аэропорттон чыгарылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми расписание боюнча 17.00дө Бишкек — Ош, 17.20да Бишкек — Москва, 17.40та Бишкек — Новосибирск, ал эми 18.00дө Бишкек — Сургут каттамдары аткарылмак.

Учурда тиешелүү адистер жеринде иштеп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0