Борбордук Италияда катуу жер титирөө катталды

© REUTERS / MAX ROSSIРазрушенный дом в селе Виссо, центральная Италия.
Разрушенный дом в селе Виссо, центральная Италия. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу силкинүү узакка созулгандыктан уктап жаткандардын көбү ойгонгон.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бүгүн борбордук Италияда саат 7.41 (Кыргызстан убактысы боюнча 12.41) чамасында катуу жер силкингенин РИА Новости жазып чыкты. 

Последствия землетрясений в Италии - Sputnik Кыргызстан
Италия: жер силкинүүдөн бир топ адам үйсүз калды
Жергиликтүү RAI TV телеканалынын маалыматы боюнча жер титирөөнүн магнитудасы 7,1ге жеткен. Европалык жер ортолук сейсмология борборунун сайтына чыккан маалыматка караганда жер титирөөнүн чок ортосу 10 чакырым тереңдикте жайгашып 6,6 магнитуданы түзгөн. 

Катуу силкинүү узакка созулгандыктан уктап жаткан көпчүлүк жарандар ойгонушкан. 

​Белгилей кетсек, буга чейин Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5,9 баллга жеткен катуу жер силкинүү катталып, 2-3 миңдей адам турак жайсыз калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0