Ууга чыгып кар көчкүнүн алдында калган аңчынын денеси табылды

© Sputnik / Д. Чернов / Медиабанкка өтүүНа снеголавинной станции МГУ на Эльбрусе
На снеголавинной станции МГУ на Эльбрусе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда маркумдун денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берүү иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жаңы жолунун туннелине жакын Көк-Зоо аймагына ууга чыгып, кар көчкүнүн алдында калган жарандын денеси табылганын ӨКМден кабарлашты.

27-октябрда түштөн кийин төрттөр чамасында Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын тургуну көчкү астында калган.

"Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бүгүн саат 11.00 чамасында көчкү астында калган жарандын денесин табышты", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда маркумдун денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0