Ууга чыккан Жалал-Абад облусунун тургуну кар көчкүнүн алдында калды

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүВиды горного кластера зимней Олимпиады
Виды горного кластера зимней Олимпиады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 6300 кубометрди түзөт. Узундугу 70 метр, туурасы 30 жана бийиктиги 3 метр.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын тургуну Бишкек— Ош жаңы жолунун туннелине жакын Көк-Зоо аймагына ууга чыгып, кар көчкүнүн алдында калган. Бул тууралуу ӨКМ Жалал-Абад облусунун мергенчилер жана балыкчылар коомуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрда түштөн кийин төрттөр чамасында болгон.

"Күбөлөрдүн айтымында түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 6300 кубометрди түзөт. Узундугу 70 метр, туурасы 30 жана бийиктиги 3 метр. Алар окуя болгон жерден жаранды издөөгө аракет кылышканы менен жыйынтык чыккан эмес", — деп айтылат маалыматта.

Кечинде 10 кишиден турган куткаруучулар чыгып кетти. Алар эртең издөө иштерин жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0