БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында тамекинин айынан батирде өрт чыгып, андан 82 жаштагы киши каза болгон. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда жалын этиятсыздык менен тамеки чегүүдөн улам чыккан.
"Кырсык болгон жерден 82 жаштагы жарандын сөөгү табылды", — деп айтылат маалыматта.
Өрттүн кесепетинен батирдеги телевизор менен диван күйүп кеткен.