КР жарандарынын өмүрүн алган дары-дармекке Казакстандын министри жооп берди

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в России
Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борбору казакстандык фирмадан кургак учукка каршы ФС-1 каражатын сатып алган. Аны колдонгон эки жаран көз жумду.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Казакстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Тамара Дүйсенова Казакстандын кургак учукка каршы дары-дармегин сыноодо кыргызстандык жарандардын каза табышына түшүндүрмө бергенин Sputnik Казакстан жазып чыкты

Буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мыйзамсыз сыналган ФС-1 дары-дармегинен эки бейтап каза болгонун жарыялаган.

"Бул каражат жеке уюм тарабынан жаңы эле иштелип чыккан. Массалык түрдө сатыкка чыгаруу үчүн ар бир дары-дармек 15-20 жыл ар кандай клиникалык изилдөөдөн өткөрүлөт", — деп билдирди Дүйсенова. 

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармакта талкууланган эмчи кишиге кылмыш иши козголду
Кыргызстандын прокуратурасы Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатриялык борбор аккредитация жүргүзбөстөн Казакстандын "Инфекциялык ооруларга каршы илимий борбору" менен мыйзамсыз түрдө дарыларды сыноодон өткөрүүгө келишим түзгөнүн аныктаган. 

Дары-дармекке болгон сыноо кургак учук менен ооруган адамдарга жүргүзүлгөн. Натыйжада каражат 54 бейтаптын онуна терс таасирин тийгизсе, экөө каза болгон. 

Көзөмөлдөө органы Улуттук фтизиатрия борбору менен Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0