Антальядагы жарылуудан КР жарандары жабыркаган жок

© REUTERS / STRINGERПожарная служба на месте взрыва на парковке рядом со зданием торгово-промышленной палаты (ТПП) в Анталье, Турция
Пожарная служба на месте взрыва на парковке рядом со зданием торгово-промышленной палаты (ТПП) в Анталье, Турция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-октябрда Анталья шаарынын соода-өнөр жай палатасынын имаратынын жанындагы автоунаа токтотуучу жайда жардыруу болгон.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Түркиянын Анталья шаарында болгон жардыруудан КР жарандары жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, 25-октябрда Анталья шаарынын соода-өнөр жай палатасынын жанындагы автоунаа токтотуучу жайда жардыруу болгон. Андан онго жакын киши түрдүү жаракаттарды алган.

Түркиялык жеригиликтүү ЖМКлардын маалымдашынча аталган имаратта калаа башчысынын катышуусу менен атайын иш-чара өтмөк.

Жаңылыктар түрмөгү
0