Казарманда эки кишиге издөө салынып, бирөөнүн тоңгон сөөгү табылды

Жазылуу
Дагы бир жаранды издөө иштери Сары-Кыр ашуусундагы катуу шамал, бороон-чапкынга байланыштуу убактылуу токтотулду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жоголгон кишилер тууралуу кабар келип түшкөндөн кийин Казарман — Жалал-Абад автоунаа жолундагы Сары-Кыр ашуусунан тоңуп калган сөөктү тапкан. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"23-октябрда 17:00дөр чамасында Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдин үйүндө курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 1979-жылы туулган Илхом жана 1976-жылы туулган Кадыр аттуу жарандар мончого барабыз деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Кабар келип түшкөндөн кийин тиешелүү тараптар Тез жардам кызматынын УАЗ автоунаасы жана эки ат менен издөө иштерин башташкан.

"Казарман — Жалал-Абад автоунаа жолунун 44-чакырымында Сары-Кыр ашуусунда 1979-жылы туулган Ильхом аттуу жарандын катуу сууктун кесепетинен тоңуп калган денесин таап, райондук оорукананын сөөк кармоо бөлүмүнө өткөрүп беришкен", — деп айтылат ӨКМ тараткан билдирүүдө.

Маалымат кызматы 1976-жылы туулган Кадыр аттуу жаранды издөө иштери Сары-Кыр ашуусундагы катуу шамал, бороон-чапкынга байланыштуу убактылуу токтотулганын кошумча кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0