Тик учактын кулашынан каза болгондорго байланыштуу Атамбаев Путинге көңүл айтты

© Фото / МЧС России / Медиабанкка өтүүКрушение вертолета Ми-8 на Ямале
Крушение вертолета Ми-8 на Ямале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, Россиянын Уренгой аймагында Ми-8 тик учагы кулап, адам өмүрүн алган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Ямал айымагында кулаган тик учактан каза болгондорго байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Россиянын Ямал-Ненецкий автономдуу аймагында Ми-8 тик учак кулаган. Анын ичиндеги 22 жүргүнчүнүн жана экипаждын мүчөлөрүнүн ичинен үч адам гана аман калган.

"Уренгой аймагындагы Ямал жарым аралында тик учактын кулашын, андан каза болгон кишилер тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым", — деп жазылат өлкө башчынын телеграммасында.

Аталган автономдуу аймактагы кырсыктан улам 22-октябрь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0