Ош-Бишкек жолунда кырсык болуп, төрт киши жабыркады

© Фото / Эламан К.Бишкек — Ош жолунун 233-чакырымында (Чычкан капчыгайында) жол кырсыгы болду
Бишкек — Ош жолунун 233-чакырымында (Чычкан капчыгайында) жол кырсыгы болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келген. Жабырлангандарды Токтогул райондук ооруканасына алып кетишти.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 233-чакырымында (Чычкан капчыгайында) жол кырсыгы болду деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы. 

© Фото / Эламан К.Honda менен карышкан Toyota автоунаасы
Toyota, которая столкнулась с Honda на 233-м километре автотрассы Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Honda менен карышкан Toyota автоунаасы

Ишемби күнү эртең менен Honda менен Toyota автоунаалары кырсыкка кабылган. 

Наезд на пешехода по улице Элебесова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте адамды коюп кетти делген адам камера аркылуу табылды
Министрликтин расмий берген маалыматында, жабырланган төрт киши Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жеринде куткаруучулар иштеп, мыйрыйып калган автоунааны жолдун жээгине алып чыккан. Ал эми жарадар болгондорду башка автоунаа менен ооруканага алып кеткен. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жабыр тарткандардын бири, Mercedes Benz автоунаасы менен жабырлангандарды алып бара жатып, ал да кырсыкка кабылганын кабарлады. Ал жолдон кетип баратып бакты сүзүп алганын билдирди. Азырынча ӨКМ бул маалыматты тастыктаган жок. 

Жабырлануучу экинчи жол кырсыгынан эч ким зыян тартпагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0