Ямалдагы МИ-8 тик учагы кырсыкка кабылды

© Sputnik / МЧС России / Медиабанкка өтүүКрушение вертолета Ми-8 на Ямале
Крушение вертолета Ми-8 на Ямале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине атайын 20 техника жана 140 киши түн ичинде чыккан. Алгач канчоосу аман калганы маалым болуп, андан соң аба кырсыгынан 19 адам жапа чеккени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кечээ,Россиянын Ямало-Ненецкий автономдуу аймагында Ми-8 тик учак кулаган. Анын ичиндеги 22 жүргүнчүнүн жана экипаждын мүчөлөрүнүн ичинен үч адам гана аман калган. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Тик учактын жоголушу тууралуу маалымат 21-октябрь кечке жуук кабарланган. Ал алгач, аталган аймактын Пуровский районуна жерге күү менен келип, катуу конгон. Бир аздан соң ал талкаланганын Россиянын Тергөө комитетинин аймактык транспорт башкармалыгы тактаган.

Мосул шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети" Мосулда 300дөй чоң киши менен эркек балдарды өлүм жазасына тартты
Тик учактын ичиндеги каза болгондор "Роснефть" уюмунун кызматкерлери болуп чыккан. Алар түшкөн техника бири-бирине жакын Жаңы Уренгой –– Сузум кенинин жолу менен бара жаткан. 

Издөө иштерине 20 атайын техника жана 140 киши түн ичинде чыккан. Алгач канча адам аман калганы маалым болуп, андан соң 19 адамдын өлгөнү белгилүү болгон.

Аман калган үчөө дароо Жаңы Уренгой шаардык ооруканасына жеткирилген.

Учурда кырсык болгон жерде иликтөө иштери уланууда. Аталган автономдуу аймактагы кырсыктан улам 22-октябрь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Президент Владимир Путин каза болгондордун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0