"Ислам мамлекети" Мосулда 300дөй чоң киши менен эркек балдарды өлүм жазасына тартты

© REUTERS / THAIER AL-SUDANIМосул шаарынын жашоочулары. Архив
Мосул шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер өлүм жазасын коркутуунун ыкмасы катары пайдаланып келишет —августта Ирактын Хавиджа шаарында 85 кишини жок кылган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ирактын Мосул шаарынан анча алыс эмес жерде "Ислам мамлекети" террористтик топтун согушкерлери 284 чоң киши менен эркек балдарды өлүм жазасына тартканын CNN телеканалына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Жазага тартуу бейшемби жана жума күндөрү өтүп, маркумдардын сөөгү шаардын карама-каршысындагы жайга массалык түрдө жерге берилди.

Ислам мамлекети террористтик уюмунун желегин кармаган согушкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Израилде балдары менен "Ислам мамлекетине" кошулган жубайлар жазага тартылды
Буга чейин БУУ ИМ согушкерлери жүздөгөн үй-бүлөнү барымтага алганын кабарлаган. Телеканалдын маалыматы боюнча эки айылдан 550 үй-бүлө уурдалган. 

17-октябрга караган түнү Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади Мосулду бошотуу боюнча аскердик операция башталганын жар салган. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү жана АКШ башында турган батыш коалициясынын колдоосу менен түзүлгөн күрд жоокерлери Мосулга массалык чабуул баштаган. 

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери өлүм жазасын коркутуунун ыкмасы катары пайдаланат — августта Ирактын Хавиджа шаарында 85 кишини жок кылып, шаардан качууга аракет кылган 3 миңге чукул тургунду туткундаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0