Кочкорлук аял эки наристесин муунтуп өлтүрүүгө шектелип жатат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБутырский следственный изолятор в Москве
Бутырский следственный изолятор в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча эки наристе тең полиэтилен баштык менен муунтулган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жашаган 30 жаштагы аял өзүнүн эки наристесин муунтуп өлтүрүүгө шектелип жатканын Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 

Билдирмеге караганда 16-октябрь күнү Кочкор райондук Ички иштер бөлүмүнө медицина кызматкерлери жергиликтүү тургундун үйүндө эки наристе өлгөнүн маалымдаган. 

"Окуя болгон жерге ыкчам топ жетип барганда үч жана эки жаштагы наристелер каза болгону ырасталган. Кыздардын энеси түнкүсүн балдарына сасык тумоого каршы дары берип уктатканын, эртең менен каза болуп калганын көргөнүн билдирген", — деп айтылат маалыматта. 

Бирок тергөө учурунда аял берген көрсөтмөсүн чаташтыра баштаган.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдо 10 жаштагы кызды бычактап өлтүргөн жездеси өмүр бою абакка кесилди
"Алдын ала маалыматтар боюнча эки кыз тең полиэтилен баштык менен муунтулган. Шектүү кылган кылмышын билдирбеш үчүн эртең менен тууганын чакырып наристелер оорудан өлгөнүн айткан", — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери аял психикалык жактан жабыркаган деп эч жерде катталбаганын көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0