Бишкек шаарында үч селсаяк тоңуп өлдү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРабота автобуса православной службы "Милосердие"
Работа автобуса православной службы Милосердие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндүн ичинде үч кишинин сөөгү табылды. Алардын сырткы көрүнүшү селсаяктарга окшош экени айтылууда.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында эки күндө үч кишинин сөөгү табылды. Алар сууктан тоңуп өлүшү мүмкүндүгүн Бишкек ШИИБ билдирди.

"Алгачкы эки сөөк Тоголок Молдо — Күрөңкеев көчөлөрү жактан табылган. Үчүнчү сөөк Ош базарынын аймагындагы Киев — Кулиев көчөлөрүнүн аймагынан табылган. Каза болгондор 40-50 жаштарда экени болжолдонууда. Алдын ала маалыматтар боюнча алар тоңуп өлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алардын денесинен эч кандай зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын, божомолго ылайык, жарандар суукка тоңуп өлгөнүн айтышты.

Маркумдардын сөөгү шаардык өлүкканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0