Өзбекстанда тик учак кулап, 9 киши каза болду

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүТик учак. Архив
Тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Фергана облусунда болгон. Каза болгон тогуз кишинин алтоосу аскерлер экени айтылууда.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Өзбекстанда тик учак кулаганын Sputnik Өзбекстан агенттиги мамлекеттик телеканалга таянуу менен билдирди. 

Кырсык Фергана облусунда болгон. Каза болгон тогуз кишинин алтоосу аскерлер экени айтылууда.

"18-октябрда Фергана облусунун аймагында Өзбекстандын Коргоо министрлигинин Ми-171 тик учагы пландуу учууларды жүргүзүп жатып кулап түшкөн. Анын кесепетинен үч экипаж жана Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн алты аскери каза болду", — деп маалымдайт телеканал.

Кырсыктын жоо-жайын иликтей турчу атайын комиссия түзүлдү. Өзбекстандын бийлиги каза болгондордун жакындарына көңүл айтканы билдирүүдө айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0