Бишкекте адамды коюп кетти делген адам камера аркылуу табылды

© Sputnik / Данияр СандыбаевНаезд на пешехода по улице Элебесова в Бишкеке
Наезд на пешехода по улице Элебесова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 13-октябрда түн ичинде биринчи кар жааган күнү болгон. Кармалган жаран анын унаасынын айнек тазалагычы бузулуп калганын айтты.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Эркек адамды коюп кетүүгө шектелип кармалган киши Талас облусунун 26 жаштагы тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу ШИИБнин Кайгуул милициянын башкармалыгынан билдиришти. 

Окуя 13-октябрда түн ичинде биринчи кар жааган күнү болгон. Элебесов көчөсүндөгү №169 үйдүн каршысында 25-30 жаш чамасындагы жаранды унаа коюп кеткен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, ал адам жолдун бир жагынан экинчи жагына өтүп бара жаткан. Дал ушул учурда жүргүнчүнү "Жигули" автоунаасы коюп, жөө жүргүнчү экинчи тилкеге түшүп, аны каршы тарапта келе жаткан Volkswagen Passat үлгүсүндөгү экинчи автоунаа тебелеген. "Жигули" унаасынын ээси качып кеткен. 

"Ал "Дордой" базарынын аймагындагы жаңы конушта табылды. Ал көрсөтмө берип, учурда Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды", — деп белгиледи Кайгуул милициянын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Ажыбек Майназаров. 

© Фото / Ажыбек МайназаровЭлебесов көчөсүндөгү №169 үйдүн каршысында 25-30 жаш чамасындагы жаранды коюп кеткен жарандын унаасы
Наезд на пешехода по улице Элебесова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Элебесов көчөсүндөгү №169 үйдүн каршысында 25-30 жаш чамасындагы жаранды коюп кеткен жарандын унаасы
Кармалган адам анын унаасынын айнек тазалагычы иштебей тургандыгын, ошол түнү көчө начар көрүнгөндүгүн айтты.

"Жол жүргөндө мен айнек тазалагычты чүпөрөк менен улам аарчып жаттым…Коркконуман кетип калгам", —дейт айдоочу.

Шектелүүчү "Тазалык" муниципалдык ишканасында иштегендигин, көчө иттерин атып кызмат кыларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0