Чүйдө чырдын айынан айылдашын бычактап салган жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон 37 жаштагы тургундун көкүрөгүнө, ичине жана сол колуна бычак жегени аныкталган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Чүйдүн Кошой айылында чырдан улам айылдашын бычактап өлтүргөн жаран кармалганын Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-октябрда саат 07.00дө милицияга аймактык ооруканага эркек кишинин бычак жеген сөөгү келип түшкөнү тууралуу билдирүү келген. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон 37 жаштагы тургундун көкүрөгүнө, ичине жана сол колуна бычак жегени аныкталган. 

"Тергөө өлгөн киши менен айылдашы эртең менен таң атпай чырдашып, ал мушташка айланып кеткенин тактады. Натыйжада жергиликтүү тургун айылдашына бир нече ирет бычак урган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 21 жаштагы тургун убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0